Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 5-сентябры № 3
“Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндө”
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн 178624 сом акча каражаты түшкөндүгү эске алынсын.
2.Миң-Булак айыл өкмөтүнө жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн түшкөн 178624 сом акча каражатын ТЖК бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына чыгымдоого уруксат берилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |