Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 1
“Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмтөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеден калган акча каражытын чыгымдоо жөнүндө”
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеден калган акча каражатын чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 227413 сом акча каражатын түзгөндүгү эске алынсын.
2.Миң-Булак айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесинен калган 227413 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башкаруу аппаратынын командировкалык чыгымына – 18852 сом. Айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнө 208561 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен :
- Маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн өздүк салымына - 159090 сом;
- Уруксат берүүчү жана укук белгилөөчү документтерди алуу үчүн - 15358 сом;
- Консултациялык кызматтарды көрсөтүү үчүн (ИКА,тартылган эксперттер) - 12400 сом;
- Техникалык көзөмөл үчүн - 21713 сом.
3.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |