Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-апрели № 2
“Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө кошумча түшкөн акча каражытын чыгымдоо жөнүндө”
Жогоруда белгиленип өткөн Миң-Булак айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коомунан электр чубалгылары үчүн түшкөн акча каражатын чыгымдоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап депутаттардын
Миң-Булак айылдык аймактын кеңешинин VII чакырылышынын жетинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Миң-Булак айыл өкмөтүнө“Кичи-Чаарат” жабык акционердик коомунан электр чубалгылары үчүн 581538 сом акча каражаты түшкөндүгү эске алынсын.
2.Миң-Булак айыл өкмөтүнө “Кичи-Чаарат” жабык акционердик коомунан электр чубалгылары үчүн түшкөн 581538 сом акча каражатын төмөндөгү бөлүмдөр боюнча чыгымдоого уруксат берилсин.
Айыл өкмөтүнүн ТЖК бөлүмүнө 544623 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен :
- Бала бакчага кошумча курулуштарды куруп кеңейтүү үчүн АРИС долбооруна
өздүк салымга - 165500 сом ;
- Чалдыбар көчөсүнө дренаж казуу үчүн өздүк салымга - 77000 сом;
- “Беккари” чуңкурун казуу үчүн АРИС долбооруна өздүк салымга - 100000 сом;
- Малдын жасалма уруктандыруу пунктун ачуу үчүн АРИС долбооруна өздүк
салымга -175000 сом;
- Бала бакчага кошумча курулуш курууга уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн - 23600 сом;
- Сметаны экспертизадан өткөрүү үчүн - 3523 сом.
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн маданият бөлүмүнүн ар кандай чыгымдар статьясына 36915 сом бөлүнсүн.
Анын ичинен:
ДСДны жана сметаны экспертизалоо, макулдашуу үчүн - 26278 сом;
Ар кандай чыгымдарына - 10637 сом.
3.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү Бакай-Ата райондук каржы бөлүмүнө сунуш кылынсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиевага жүктөлсүн.
Төрага | Т.Койчубаев |