Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 22-декабры № 6
“Акназаров айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 16 токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө.”
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017-жылдын кезектеги 4-сессиясындагы протоколдун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Акназаров айылдык кеңешинин 2017-жылдын 21-апрелиндеги № 16 Акназаров айылдык аймагынын Көк-Таш айылына бала бакчаны Талас өнуктүрүу фондусунун акча каражатына курууга макулдук берүү жөнүндөгү токтомунун 2 пунктуна трансформация болбогон жер болгондугуна байланыштуу А.Момунтаевдин муниципалдык менчикке алынган 0,20 га жер аянты бала бакча салуу үчүн бөлүнүп берилсин деп өзгөртүү киргизилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Акназаров айылдык кеңештин жер жана муниципалдык менчиктер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Шабдановго жүктөлсүн.
3. Токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |