Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 01
“Оро айылдык аймагында техникалык сервис ачуу жөнүндө”
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы Оро айылдык аймагында тех сервис ачуу боюнча депутат Жаманкулов Нурландын демилгесин угуп, талкуулап,
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Оро айыл аймагында тех сервис муниципалдык ишканасын ачуу максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Тех сервистин аты “Оро тех сервис” муниципалдык ишканасы деп аталсын жана уставды иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүлсүн.
3. “Оро тех сервис” муниципалдык ишканасын түзүү жана жетекчисин дайындоо боюнча уюштуруу иштери айыл өкмөт башчысы Э.Сураповго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Шадыбеков |