Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 02
“Оро айыл аймагындагы 1-Май айылындагы Т. Чолушев ат. мектептин чатырын оңдоо жөнүндө”
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезексиз 12-сессиясы Оро айылдык аймагынын 1-Май айылындагы Т.Чолушев атындагы орто мектептин директору Сатымкулов Үзөнбектин Оро айыл аймагындагы 1-май айылындагы Т.Чолушев атындагы орто мектептин чатырын оңдоо боюнча демилгесин угуп , талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Оро айыл аймагындагы 1-Май айылындагы Т.Чолушев атындагы мектептин чатырын оңдоо максаттуу жана керектүү деп табылсын.
2. Оро айыл аймагындагы 1-Май айылындагы Т.Чолушев атындагы мектептин чатырын оңдоо үчүн долбоорду даярдоо жагы 1-Май айылынын Т.Чолушев атындагы орто мекткептин директору Ү.Сатымкуловго тапшырылсын.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы тиешелүү өздүк салым 481576 сом накталай акча түрүндө 15% айыл өкмөтүнүн 2215 статьясынан 2018-жылдын бюджетинин эсебинен каралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.
Төрага | Н.Шадыбеков |