Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 03
“Акча каражаттарын пайдалануу жана долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо боюнча Оро айыл өкмөтүнө караштуу мониторинг тобун түзүү жөнүндө”
Оро айылдык кеңешинин 10-чакырылышынын кезектеги 12-сессиясы каралган маселени талкуулап тактап, жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө жарандардын катышуусун жана Оро айыл аймагынын Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун акча каражаттарынын эсебинен каржыланган долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшү жана алардын натыйжалары тууралуу жергиликтүү коомчулуктун мүчөлөрүнө маалымдоону камсыз кылуу максатында
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Акча каражаттарын пайдалануу жана долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугун баалоо боюнча төмөндөгүдөй курамда мониторинг тобу түзүлсүн.
Сурапов Э.Э.- айыл өкмөтүнүн башчысы, Мониторинг тобунун төрагасы;
Даниярова А.С. –айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, мониторинг тобунун катчысы;
МҮЧӨЛӨРҮ:
Жаманкулов Т.Б.- турак жай, жер, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисинин м.а.
1.4.Таштанова Н.М.- айыл өкмөтүнүн киреше боюнча жетектөөчү адиси;
1.5. Токоналиев С.С.- айылдык кеңештин депутаты
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы мониторинг тобунун ишин уюштуруу үчүн зарыл болгон чараларды ишке ашырууну камсыз кылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары З.Тойчубековага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |