Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 6
“Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндө”
Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХI-чакырылышынын XVII-сессиясы 2017-жылдын атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешесин бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 3298 сом акча каражаты түзгөндүгү эске алынсын.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын атайын каражаттын киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн:
- бала бакча бөлүмүнө 2215(ар кандай чыгымдар) статьясынан бала бакчаны жашылдандырууга – 3298 сом,
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо КЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Н.Чоюбековага жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Бейшебаев |