Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-марты № 7
“Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы финансылык отчетун бекитүү жөнүндө”
Боо-Терек айылдык аймактык Кеңешинин ХХХI-чакырылышынын XVI-сессиясы айыл өкмөтүнүн 2017-жылга финансылык отчетун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы финансылык отчету: кирешеси боюнча пландагы 7794,9 мин сомдун ордуна 8697,1 мин сомду түзүп 111,6%га, чыгашасы боюнча пландагы 7744,9 мин сомдун ордуна 7744,9 мин сомду түзүп, 100%га аткарылгандыгы бекитилсин.
2. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы канааттандырарлык деп белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет жана финансы туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Э.Бейшебаев |