Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-марты № 6
“Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө”
Боо-Терек айылдык Кеңешинин ХХХI-чакырылышынын XVII-сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Боо-Терек айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетинин көлөмү киреше чыгашасы менен 6197,4 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн:
- теңдөөчү грант ---- 1356,4 миң сом ,
- Иш берүүчү тарабынан айлык акыдан кармалуучу киреше салыгы ---- 1452,5 миң сом ,
- Милдеүү патенттин негизинде салык ----- 6,0 миң сом,
- Ыктыярдуу патеттин негизинде салык ---- 320,0 миң сом,
- Кыймылсыз мүлккө салык --- 16,5 миң сом,
- Транспорт ээлеринен алынуучу салык --- 445,0 миң сом,
- Короо-жай жер салыгы --- 262,4 миң сом,
- Айыл чарба жер салыггы --- 880,0 мин сом,
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы ---- 80,0 мин сом,
- Сатуудан алынуучу салык ----40,0 мин сом,
-КБФ жерлердин аренда акысы --- 380,0 миң сом,
- Жайыт жерлеринин ижара акысы --- 368,0 мин сом,
- Атайын каражат(ата-энелер толому) --- 270,0 миң сом,
- Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия кармоо үчүн төлөм --- 320,6 мин сом.
Чыгашалар бөлүгү 6197,4 мин сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүм боюнча бекитилсин:
1.Башкаруу аппаратына – 2323,2 мин сом,
2.Өзгөчо кырдаалдар бөлүмүнө –120,0 миң сом,
3.ЖКХ бөлүмүнө – 1106,4 миң сом,
4.Маданият болүмүнө – 492,7 миң сом,
5.Билим берүү бөлүмүнө -- 1389,1 миң сом,
6.Социалдык коргоо бөлүмүнө – 128,0 миң сом,
7.Экономикалык маселелер --- 368,0 миң сом,
8. Бала бакча атайын каражат(ата-энелер төлөмү) –270,0 миң сом
2. 2018-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгмдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын.(эмгек акы, соц.фонд, тамак-аш).
3. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте белгиленген суммадан ашык тушсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы айылдык аймактык Кеңештин сессиясына сунушталсын.
4. Бюджетти аткаруу процессинде зарыл учурда бөлумдөн бөлүмгө, статьядан статьяга, кварталдан кварталга жылдыруулар айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
5. 2017-жылдын жыйынтыгы менен чыгашадан ашкан кирешенин эсебинен 2018-жылга 2,0 миң сом өлчөмүндө кассалык жүгүртмө каражаттык запас түзүлүп, жыл ичинде керектүү учурларда пайдаланып кайра орду толукталып, жылдын этегине чейин эсепттик счетто сакталсын.
6. Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2018-жылдын 16-январындагы №Б-9/1 буйругуна ылайык, 2018-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 мин сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
7. Ошондой эле “КРнын бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнундө Мыйзамынын” 21-статьясынын негизинде 2018-жылдын бюджетинин чыгаша көлөмүнүн 1 %нын эсебинен 50000 сом айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
8. 2018-жылдын бюджетинин киреше чыгаша бөлүктөрүн Мыйзамдуулукта аткаруу, максатсыз жумшоолорго жол бербөө, казынадан сырткары чыгымдоолорго тыюу салуу милдеттери айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Н.Чоюбековага тапшырылсын.
9. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
10. Салык Кодексинин 328-статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти К1-1,034 болуп белгиленсин.
11. Ал эми мектептердин жыл ичиндеги(текущий) ремонтуна каражаттар республикалык бюджеттен камсыз болуп жаткандыгы эске алынсын.
12.КР Окмотунун 2013-жылдын 30-майындагы №302 токтомунун 1-пунктунда корсотулгондой билим беруу уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары билим беруу Министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
13. Жергиликтүү бюджетти колдоо иретинде республика тарабынан бөлүнгөн теңдештирүү гранты коргоодогу статьялары (айлык акы, соц.фондко чегерүүж.б) жана коммуналдык чыгымдарды жабууга гана жумшалсын.
14. Жергиликтуу бюджеттин 2019-2020 жылдарга болжолу томондогудой суммада белгиленсин.
а) 2019- жылга бюджеттин көлөмү (киреше чыгашасы менен) –6696,7мин сом
анын ичинен: жергиликтуу салыктардын чегерүүсү –5393,8 мин сом
тендөөчү грант --1302,9 мин сом
б) 2020- жылга бюджеттин көлөмү (киреше чыгашасы менен) –6741,4 мин сом
анын ичинен: жергиликтүү салыктардын чегерүүсү -- 5559,8 мин сом
тендөөчү грант -- 1181,6 мин сом
15. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Э.Бейшебаев |