Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-марты № 2
“Боо-Терек айыл аймагынын чегинен Шыраалжын участогуна электр чубалгылардын таянычтарын орнотуу жөнүндө”
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XVII- сессиясы Боо-Терек айыл аймагынын чегинен Шыраалжын кенди иштетүү участогун электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр чубалгылардын таянычтарын орнотуу үчүнБоо-Терек айыл аймагынын чегинен өткөрүү жөнүндөмаселени карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шыраалжын кенди иштетүү участогун электр энергиясы менен камсыздоо максатында электр чубалгылардын таянычтарын орнотуу үчүнБоо-Терек айыл аймагынын чегинен 3349,8 чарчы метр жайыт жеринен таянычтарды орнотууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Бейшебаев |