Загрузка документа…
БОО-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-марты № 4
“Боо-Терек айыл аймагынын тургуну С.Алтымышева жөнүндө”
Боо-Терек айылдык кеңешинин XXXI- чакырылышындагы XVII- сессиясы Боо-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кермалиевдин айыл аймагынын тургуну Алтымышева Сүйүнгө “Сүйүн-апа” бала бакчасын ачууга проект жазып чоң салым кошуп, үзүрлүү эмгеги үчүн Боо-Терек айылынын “ Ардактуу атуулу”деген наам берүү жөнүндө сунушун угуп , талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Боо-Терек айыл аймагынын тургуну Алтымышева Сүйүнгө “Сүйүн-апа” бала бакчасын ачууга проект жазып чоң салым кошуп, үзүрлүү эмгеги үчүн Боо-Терек айылынын “ Ардактуу атуулу”деген наам берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Н.Чоюбекова айыл өкмөтүнүн “ ар кандай чыгымдар” статьясынан токтомду аткаруу үчүн керектелүүчү каражат менен камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы И.Кермалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Э.Бейшебаев |