Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 1
“Кара-Суу айылдык аймактык кеңешинин иш регламентин бекитүү жөнүндө”
Кара-Суу айыл кеңешинин жылдык планын жана иш регламентин карап чыгып, Эл депуттатарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылдык Кеңешинин регламенти төмөнкүдөй болуп бектилсин.
Жылына 5 жолу жылдык пландын негизинде кезектеги сессиялар уюштурулсун.
Кезектеги сессияларды жуманын 2-5күндөрүндө өткөрүлсүн.
Кезексиз сессияларды жуманын 1-6 күндөрүнө өткөрүү жагы каралсын.
Сессияга катышуу үчүн депутаттарга жана тиешелүү адамдарга 3 күн мурда кабарлансын.
Сессияларды уюштуруу ,тиешелүү адамдарга кабарлоо айылдык кеңештин төрагасына же жүйөлүү себептер менен катышпай калса кеңештин төрагасынын орун басарына милдеттендирилсин.
Түшкөн арыздарды убагында каттоо жана арыз ээсин сессияга чакыруу айыл өкмөтүнүн
жооптуу катчысы А.Жунушалиевага милдеттендирилсин.
Сессияда маалымат же отчет берген адам 1-күн мурда жазуу жүзүндө отчету
даярдалсын,депутаттарга таанышууга берилсин.
Сессия узак убакытка созулса (4-5 саат) ортосунда 15 мүнөтүк тыныгуу берилсин.
Сессия учурунда докладчыга 10-15мүнөт жарыш сөзгө чыккандарга 2-3 мүнөт убакыт
белгиленсин.
Жуманын 2-күндөрү айыл өкмөтүнүн чогулушуна кезеги менен депутаттар катышуу жагы каралсын.
Сессияга убагында жана кечикпей келүү аягына чейин катышуу жагы депутаттар тарабынан көзөмөлдөнсүн.
Себепсиз 3 жолу сессиядан калган жана башка тартип бузган депутаттар атайын
комитеттерде каралсын жана чара көрүлсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын
Төрага | Эсенкул уулу Памир |