Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 30-январы № 3
“А.Карыпкулов орто мектебинин директору тал теректерин кыюу жөнүндө”
А.Карыпкулов орто мектебинин директору Н.Курманалиеванын кайрылуусун угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 16-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Карыпкулов атындагы орто мектебинин батыш тарабындагы жана тегерегиндеги окуучулардын өмүрүнө коркунуч келтирген тал-теректер жөнүндө билдирүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин Талас аймактык башкармалыгына жөнөтүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Талас аймактык башкармалыгына билдирүү жөнөтүү жагы Кара-Суу айылдык аймагынын башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Жунушалиевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |