Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 16-февралы № 6
«Эркин каражатты максаттуу пайдалануу боюнча»
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Биримкуловдун 2017-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражатты максаттуу пайдалануу боюнча сунушун угуп жана талкуулап чыгып Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 17-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 12 айдын жыйынтыгы менен калган эркин каражаттын эсебинен 50000 (элүү) миң сом акча каражаты Тескейге кеткен көпүрөнү оңдоого курулуш материалдарын алууга жумшалсын.
2. 100400 (жүз миң төрт жүз) сом акча каражатын мамлекеттик акты алууга жумшалсын.
3. 40000 (кырк) миң сом Бектуров атындагы имараттын ичин оңдоого жумшалсын.
4. 200000(эки жүз) миң сом элдик салымга жумшалсын.
5. 700000 (жети жүз) миң сом МТСке гараж салууга курулуш материалдарын алууга жумшалсын.
6. Кара-Суу айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу А.Кабылова бөлүнгөн акча каражаттарды өз убагында которуп алып берүү жагы милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин муниципалдык менчик экономикалык өнүктүрүүнүн пландары бюджеттин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча туруктуу комиссия курамына жүктөлсүн.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |