Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты № 7
“Кара-Суу айылы боюнча жазгы талаачылык жумуштарын жүргүзүүдө кызмат көргөзүү иштерин уюштуруу жана аткаруу жөнүндө”
Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечимине жана Кара-Суу айылынын техника ээлери менен айылдык аймактык башчысынын сүйлөшүлөрүнүн негизине таянуу менен Эл депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жазгы айдоо-себүү талаачылык жумуштарын аткарууга карата кызмат көрсөтүү көлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин.
а) Жер айдоо:
Дын жер 1 га – 1200 сом 25 л солярка
Айдоо жер 1 га - 1000 сом 25 л солярка
Огород айдоо 300 сом 5 л солярка
б) Планировка 1 га – 700 сом 10 л солярка
в) Жөөк салуу 1 га – 600 сом 10 л солярка
г) Дан эгиндерин себүү 1 га – 700 сом 10 л солярка
д) Буурчак себүү 1 га – 600 сом 10 л солярка
е) Чөп чабык 1 га – 800 сом 10 л солярка
ж) Чөп ташуу, картошка ж.б. ташуу 1 рейс
«Кайырма» үстү – 800 сом
«Кайырма» асты – 500 сом
з) Дарылоо – 500 сом 5 л солярка
и) Престөө түк – 8 сом, жиби трактористтен болсо – 10 сом 10 л май
й) Буудай, чөп урук чабуу – чабык мезгилинде ылдыйкы зона баасында.
к) Буурчакты чыгаруу акысына 1 тоннага 50 кг буурчак, 15 л солярка 1 га жана буурчактын бакалын ташып берүү ичинде.
2.Сугат мезгилинде мураптан уруксатсыз суу урдагандарга 1000 сом штраф салынат.
3.Мусорду атайын айыл өкмөтү тарабынан белгиленген жерден бөлөк жерге же бөлөк бирөөнүн жерине төккөндүгү үчүн 2000 сом штраф
салынат.
4.Айыл өкмөтүнө келген техникалардын баасы жазгы айдоо-себүү,талаачылык жумуштарын аткарууга карата кызмат көрсөтүү көлөмдөрү төмөндөгүдөй бекитилсин.
а) Жер айдоо:
Айдоо жер 1 га- 800 сом 25л солярка
Дың жер 1га-1000 сом 25 л солярка
Огород айдоо 300 сом 5л солярка
Техникасын жеке жалдаса экскаватор, камазга жүктөө 300 сом.
Зилге, Мазга 300сом
ГАЗ-53, Трактордун прицебине 200 сом
Чөп престөө түк кардардын жиби болсо 6 сом
жиби жок болсо 8 сом
10 литр солярка
Экскаватордун жер казуу акысы 1 м 100 сом
Сырттан келген тараптарга 1 м 150 сом
Камаздын ташуу акысы 300 сом солярка ичинде
Тоого көчүрүү 300 сом
Айыл ичинде 700 сом
Айылдан тышкары айыл тургундарына 2000 сом
Сырттан келген тараптарга 3000 сом
Эгерде Таластан тышкары аймактарга (Жамбул обл.) 8000 сом май акысы ичинде
Экскаватор жер тегиздөө саатка коюлду саатына 800 сом май ичинде.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |