Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 1-марты № 8
“Кара-Суу айылы боюнча малчылардын мал багуу акысы жана жоопкерчилиги жөнүндө”
Кара-Суу айылынын жалпы элдик жыйынынын чечиминин жана Кара-Суу айылдык жайыт комитетинин малчылар менен өткөрүлгөн жыйынынын чечимине таянуу менен Эл Депутаттарынын Кара-Суу айылдык аймактык Кеңешинин 7-чакырылышынын 18-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылы боюнча мал алып багуучулар үчүн кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгү өлчөмдө бекитилсин:
1) Кой, эчкилерге – 1 айга башына 50 сом, тузу, көчүү жана жайыт акылары ичинде калган айлары 40 сом.
2) Уй - башына 350 сом, жайыт акысы ичинде;
3) Жылкы – 400 сом, жайыт акысы ичинде;
4) Саан бээ – өз ара келишим боюнча .
2. Мал өлсө тез арада мал ээсине кабарлоо жана жеткирип берүү, жоголсо төлөп берүү малчыларга милдеттендирилсин. Айдоочуга өлүк мал алып келсе тирүү койго100 сом, өлүк койго 50 сом, тирүү бодо малга 300 сом, өлүк бодо малга 150 сом, мал ээси төлөп берсин.
3. Мал баккан адамдар малы жеке чарбалардын үлүш жерине, огородуна түшсө жылкы, уй баласы үчүн ар башына 500 сом, кой башына 200 сом, теректер аарчылса жана зыян келтирилсе түшүмдү төлөөгө милдеттендирилсин.
4. Малчыларды жайлоого көчүрүү жана жайлоодон жакага көчүрүү мөөнөтүн аныктоо жана иш жүргүзүү жайыт комитетинин төрагасы М.Бекеевге милдеттендирилсин.
Төрага | Эсенкул уулу Памир |