Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 6-июну № 27/18
“Уч-Коргон айыл окмотун Уставын жаны редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтируу максатында жана 2011- жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын ____ - беренесинин негизинде Уч-Коргон айылдык аймактык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Манас районунун Уч-Коргон айылдык аймагынын «Уч-Коргон айыл окмотунун» Уставы кыргыз тилинде жаны редакцияда бекитилсин
2. Уч-Коргон айыл өкмөтү тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл окмотунун башчысы М. Акматовго жүктөлсүн.
Ушул чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо учун тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелуу мамлекеттик жана (же)жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | М.Уметалиев |
Талас облусунун
Манас райоунун
Уч-Коргон айылдык кенешинин
2017-жылдын «06» 06
№ 27/18 токтому менен
БЕКИТИЛДИ
Талас облусунун Манас районунун Уч-Коргон айылдык аймагынын «Уч-Коргон айыл өкмөтү» мекемесинин Уставы
I. Жалпы жоболор
1. «Талас облуснун,Манас районунун, Уч-Коргон айылдык аймагынын «Уч-Коргон айыл өкмөтү» мекемеси (мындан ары айыл өкмөтү) - өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуу жана турмуш-тиричилик иштерин башкарууну жүзөгө ашыруучу, жергиликтүү өз алдынча башкаруусу – айылдык кенештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылуу үчүн түзүлгөн аткаруу органы
2. Айыл өкмөтү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президенти менен Өкмөтүнүн актыларын, тиешелүү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары менен жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын чечимдерин, ошондой эле ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Айыл өкмөтү калк менен, коомдук уюмдар менен карым-катнашта иш жүргүзөт, жергиликтүү маанидеги иштерди башкарууга катышуу үчүн жарандардын укугун камсыз кылат жана аларды ишке ашыруу үчүн шарт түзөт.Айыл өкмөтү жылына кеминде бир жолу кеңештин алдында, ошондой эле ошол кеңештин аймагындагы калктуу пункттардын жашоочуларынын чогулуштарында жана жыйындарында отчет берет.
4. Айыл өкмөтү өз иш-аракетин төмөнкүдөй принциптерде ишке ашырат:
· мыйзамдуулуктун;
· тиешелүү кеңештин жана калктын алдында отчеттуулуктун;
· жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоонун;
· социалдык акыйкаттуулуктун;
· маалымдуулуктун, коомдук пикирди эске алуунун;
· жергиликтүү жана мамлекеттик таламдарды айкалыштыруунун;
· өкүлчүлүктүү жана аткаруу-тескөө органдарынын милдеттери менен ыйгарым укуктарын чектөөнүн;
· өздөрү тарабынан өткөрүлгөн иш-чараларды өздөрү камсыз кылуунун жана өздөрү каржылоонун;
· жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө өз алдынчалуулуктун жана өз ишмердигинин жыйынтыктары боюнча жергиликтүү коомдоштуктун алдында, ал эми берилген ыйгарым укуктарды аткаруу боюнча мамлекеттик бийлик органдарынын алдында жоопкерчиликтин принциптеринде иш жүргүзөт.
II. Айыл өкмөтүнүн уюштуруу ишмердигинин негиздери
1. Айыл өкмөтү айыл өкмөтүнүн башчысынан, жооптуу катчыдан жана мыйзамдарда каралган башка кызматкерлерден турат.Айыл өкмөтүнүн кызматкерлери бөлүштүрүлгөн милдеттерге ылайык функцияларды ишке ашырат, айыл өкмөтүнүн башчысынын тапшырмаларын аткарат.
2. Айыл өкмөтү айылдык кеңештин депутаттарына алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, шайлоочуларга отчетторду даярдоого жана аларды өткөрүүгө көмөктөшөт, айыл өкмөтүнүн ишмердиги тууралуу, айылды, экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү пландарынын (программаларынын) аткарылышынын жүрүшү, депутаттардын сын-пикирлери жана сунуштары боюнча көрүлгөн чаралар жөнүндө аларга маалымат беришет.
3. Айыл өкмөтү бузулган же талашылган укуктарды же жергиликтүү коомдоштуктун мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн мыйзамда белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.
4. Айыл өкмөтү жергиликтүү өзүн өзү башкарууну уюштуруу маселелери боюнча кеңештин төрагасына, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча райондук мамлекеттик администрациясына жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга отчет берет.
5. Айыл өкмөтү анын башчысы кол койгон, анын компетенциясына кире турган маселелер боюнча чечим кабыл алат.Айыл өкмөтүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чыгарылган актылар кандайдыр мамлекеттик орган тарабынан бекитилүүгө зарыл эмес жана тиешелүү аймактарда милдеттүү түрдө аткарылышы керек.
6. Айыл өкмөтүнүн жана анын кызмат адамынын чечимине жана жасаган ишине сотко арызданылышы мүмкүн.
7. Айыл өкмөтү юридикалык жак болуп саналат, анын герб тартылган мөөрү, өз фирмалык аталышы менен белгиленген үлгүдөгү штампы жана титулдук баракчасы болот.
8.Айыл өкмөтүнун юридикалык дареги (жайгашкан жери) Кыргыз Республикасы, Талас облусу, Манас району, Кызыл-Жылдыз айылы,О.Торогелдиев көчөсү , № 14 .
9. Айыл өкмөтүнун толук жана кыскартылган фирмалык аталышы:
· Мамлекеттик тилде: Талас облусунун Манас райоунун Уч-Коргон айылдык аймагынын « Уч-Коргон айыл өкмөтү» мекемеси, (кыскартылган аталышы: «Уч-Коргон айыл өкмөтү»)
· Расмий тилде: Учреждение «Уч-Коргонский айыл өкмөтү» айылного аймака, Манасского района Таласской области (Сокращенное наименование: « Уч-Коргон айыл өкмөтү»
10. Айыл өкмөтүнун уюштуруучулук-укуктук формасы мекеме, менчиги муниципалдык.
III. Айыл өкмөтүнүн негизги функциялары
1. Айыл өкмөтү аткаруу органы катарында төмөнкүдөй функцияларды ишке ашырат:
· аймактарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорлорун жана айылдык кеңештин бекитүүсүнө берүү үчүн жергиликтүү бюджетти түзүү жана аларды аткарууну уюштуруу;
· жергиликтүү коомдоштуктун коммуналдык менчигин жана финансы ресурстарын башкаруу;
· калкка кызмат көрсөтүү;
· жергиликтүү маанидеги токой, суу жана жол чарбаларындагы, социалдык инфраструктуралардын объектилериндеги калыбына келтирүү;
· оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн зарыл учурларда айылдардын калкын ашарга чакыруу ыкмасы менен, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын эмгектик, финансылык, техникалык жана башка ресурстарын тартуу;
· жергиликтүү коомдоштуктун жашоосун камсыз кылуучу коммуналдык менчиктеги бардык объектилерди күтүү жана оңдоо;
· аймактын санитардык абалына контролдук кылуу жана аны тазалоо, ыңгайлаштыруу жана жашылдандыруу боюнча иш-чараларды уюштуруу;
· калктуу пункттарды куруунун башкы планына жана ведомствого караштуу аймактарда курулуштун нормаларынын сакталышына контролдук кылуу;
· мектептен билим алууга жана медициналык жактан тейлөөгө жарандардын укуктарын камсыз кылуу;
· тарыхый-жана маданий эстеликтерди коргоо боюнча иш-чараларды уюштурууга көмөктөшүү;
· турак-жай фондусун түзүү жана аларды күтүү;
· бюджеттен тышкаркы фондуларды түзүү жана аларды сарамжалдуу пайдалануу;
· жаңы жумушчу орундарын түзүү боюнча иштерин уюштуруу;
· айыл чарбасына жарактуу жерлерди сарамжалдуу пайдаланууга контролдук кылуу;
· сарамжалсыз жана мыйзамсыз пайдаланылган жерлерди алып коюу жөнүндө тиешелүү органдарга сунуш киргизүү;
· жергиликтүү коомдоштуктун атайын жер фондусун түзүү;
· жоюлуучу айыл чарба ишканаларын менчиктештирүүгө катышуу жана тиешелүү органдар менен макулдашуу боюнча социалдык-маданий, коммуналдык-турмуш-тиричилик жана чарбалык багыттагы объекттерди, атайын техникаларды жана жергиликтүү коомдоштуктун турмуш-тиричилигин камсыз кылуу үчүн зарыл болгон башка мүлктү кабыл алууга катышуу;
· жеке адамдар жана юридикалык жактар тарабынан жер участкасын ижарага алууга конкурстарды (аукцион) ж.б. өткөрүү;
· дыйкан жана жеке көмөкчү чарбаларды техника, азыктуулугу жогору жана асыл тукум мал, үрөн, көчөт менен камсыз кылууга көмөктөшүү, аларга айыл чарба продукцияларын өндүрүүдө, кайра иштетүүдө, сактоодо жана сатып өткөрүүдө жардам көрсөтүү;
· калктуу пункттарга суу берүүнү, сугат суусун бөлүштүрүүнү жана аны сарамжалдуу пайдаланууну козомолдоо;
· ветеринардык иш-чараларды өз учурунда өткөрүүгө козомол кылуу, ветеринардык жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү уюштуруу жана комок корсотуу;
· мыйзамда каралган учурларда жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана айыптарды жыйноо;
· жергиликтүү салыктарды, жыйымдарды жана айып санкцияларын колдонуудагы мыйзамдарга ылайык белгилөө боюнча тиешелүү кеңештерге сунуш киргизүү;
· мамлекеттик жана гуманитардык жардамдардын материалдык, акчалай жана башка түрлөрүн бөлүштүрүүнү уюштуруу;
· айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөгү мыйзамдарды аткаруу, жерди жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу, санитардык нормаларды жана эрежелерди сактоо, экологиялык иш-чараларды жүргүзүү боюнча ишканалардын, уюмдардын жана мекемелердин, башка чарба жүргүзүүчү субъекттердин ишине козомол кылуу;
· аймакта мыйзамдардын жана коомдук тартиптин сакталышын камсыз кылуу, коомдук тартипти сактоо боюнча ыктыярдуу коомдук түзүлүштөрдү жана аксакалдар сотун уюштуруу боюнча иш-чараларды жургузуу;
· калктын эс алуусун уюштуруу, маданий, спорттук жана башка иш-чараларды өткөрүү;
· шайлоолорду, референдумдарды уюштурууну камсыз кылуу, коомдук пикирлерди сурап билүүлөрдү жүргүзүү;
· табигый кырсыктардын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү боюнча зарыл болгон мобилизациялык жана уюштуруу-практикалык иш-чараларды өткөрүү жана алардын кесепеттерин жоюу;
· граждандык абалынын актыларын ошол учурларда жана мыйзамда каралган тартипте каттоо боюнча иштерди уюштуруу;
· граждандарды каттоону жана каттоодон чыгарууну белгиленген тартипте жүргүзүү;
· асырап алууларды жана камкордук көрүүлөрдү дайындоо, алардын өз милдеттерин аткарышына козомол кылуу;
· керек учурларда жана мыйзамда каралган тартипте нотариалдык иштерди жасоо;
· калктын муктаждыгын жана аны дайындуу коргоону жергиликтүү коомдоштуктун аймагында аныктоо;
· калктын муктаждыгын жана аны дайындуу коргоону жергиликтүү коомдоштуктун аймагында аныктоо;
· калкты социалдык коргоонун аймактык программасын иштеп чыгуу;
· үй-бүлөнүн социалдык паспортун түзүү жана анын негизинде жакырчылык картасын түзүү;
· граждандардын материалдык абалын, анын ичинде көмөкчү жеке чарбасынан, короо алдындагы чарбактан, жер үлүштөрүнөн алынган чогуу кирешесин эсепке алуу жана дайындуу социалдык коргоого муктаж калктын турмуш шарттарын арыз берүүнүн негизине социалдык коргоо " принцибинде изилдөө;
· мамлекеттик пособие дайындоого документтерди кабыл алуу;
· гуманитардык жардамга муктаж жакыр калктын тизмесин даярдоо, анын алынышын эсепке алуу;
· калктын кирешесин декларациялоосун көзөмөлдөө жана ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоого кайрылган граждандарга анык справкалардын өз убагында берилишин камсыз кылуу;
· калкты социалдык коргоонун аймактык программасын иштеп чыгуу;
· үй-бүлөнүн социалдык паспортун түзүү жана анын негизинде жакырчылык картасын түзүү;
· граждандардын материалдык абалын, анын ичинде көмөкчү жеке чарбасынан, короо алдындагы чарбактан, жер үлүштөрүнөн алынган чогуу кирешесин эсепке алуу жана дайындуу социалдык коргоого муктаж калктын турмуш шарттарын арыз берүүнүн негизине социалдык коргоо " принцибинде изилдөө;
· мамлекеттик пособие дайындоого документтерди кабыл алуу;
· гуманитардык жардамга муктаж жакыр калктын тизмесин даярдоо, анын алынышын эсепке алуу;
· калктын кирешесин декларациялоосун көзөмөлдөө жана ай сайын берилүүчү бирдиктүү пособие дайындоого кайрылган граждандарга анык справкалардын өз убагында берилишин камсыз кылуу;
· граждандын ким экендигин, үй-бүлөлүк жана башка абалын күбөлөндүрүүчү справкаларды, ошондой эле колдонуудагы мыйзамдарда каралган башка документтерди берүү;
2.Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашыруу;
IV. Айыл өкмөтүнүн компетенциясы
1.Айыл өкмөтү:
· аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программаларынын долбоорун иштеп чыгат жана алар айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аткарылышын камсыз кылат (аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү программасынын аткарылышы жөнүндө отчетту жыл сайын көпчүлүккө берип турат);
· жергиликтүү бюджеттин долбоорун иштеп чыгат, ал айыл кеңеши тарабынан бекитилгенден кийин аны аткарат;
· тарыхтын, архитектуранын жана маданияттын эстеликтерин коргоо боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырат;
· жаңы жумуш орундарын ачуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
· ишканаларды менчиктештирүүгө жана айыл өкмөтүнүн балансына социалдык маданий-тиричилик жана чарбалык маанидеги объекттерди жана алардын иштешине зарыл жабдуу-шайманды өткөрүп берүүгө катышат;
· турак жай фондун, турак жай-коммуналдык чарбаны өнүктүрүү жана аймакты абат кылуу боюнча иш-чараларды иштеп чыгып, жүзөгө ашырат;
· муниципалдык менчикте турган жерлерди, ошондой эле Айыл чарбасына жарактуу жерлердин мамлекеттик фондунун жерлерин акыл-эстүү пайдалануу боюнча иш-чараларды иштеп чыгат, жүзөгө ашырат;
· аймакка курулуш куруунун башкы планын иштеп чыгып, жүзөгө ашырат, архитектуранын жана шаар куруунун нормалары менен эрежелеринин сакталышына контролду ишке ашырат;
· жаратылыш кырсыктарынын, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана четтетүү, алардын кесепеттерин жоюу боюнча мобилизациялык жана уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды жүзөгө ашырат;
· калкка консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү тутумун иштеп чыгат жана ишке ашырат;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка иш-чараларды жүзөгө ашырат.
V. Айыл өкмөтүнүнун башкаруу органы – башчысы
1. Айыл өкмөтүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кызматка шайлануучу (дайындалуучу) жана бошотулуучу Айыл өкмөтүнүн башчысы башчылык кылат.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы айыл кеңешинин депутаттары тарабынан көрсөтүлүүчү, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын башчысы (мындан ары - аким) тарабынан сунушталуучу талапкерлердин ичинен жашыруун добуш берүү жолу менен айыл кеңешинин чакырылыш мөөнөтүнө айыл кеңешинин депутаттары тарабынан шайланат.
3. Айылдык кеңештин чакырылышынын мөөнөтү аяктаган же болбосо мөөнөтүнөн мурда таркатылган күндөн тартып айыл өкмөтүнүн башчысы айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы кызмат ордуна кирген күнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттерин аткаруучусу болот.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айылдык кеңештин биринчи сессиясынын күнүнөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен дайындалат.
5. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы бош орун түзүлгөн күндөн тартып 10 календардык күндөн кечиктирбестен айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону дайындайт.
6. Айыл өкмөтүнүн башчысы айылдык кеңештин чакыруу мөөнөтү аяктаганга чейин 90 календардык күн калганда ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнүн мурда бошотулган учурда Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жаңы шайланган айыл кеңешинин биринчи сессиясы өткөнгө чейин айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо дайындалбайт.
7. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо аймактык шайлоо комиссиясы тарабынан шайлоо дайындалган күндөн тартып 20 календардык күндүн ичинде өткөрүлөт.
8. Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо кеңештин депутаттары тарабынан жашыруун добуш берүү жолу менен жүзөгө ашырылат. Эгерде ага айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын кеминде үчтөн экиси катышса, айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо өткөрүлдү деп эсептелет. Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун алган талапкер шайланды деп эсептелет.
9. Аймактык шайлоо комиссиясы шайлоонун натыйжаларын жарыялайт жана тиешелүү протокол түзөт. Шайланган айыл өкмөтүнүн башчысына аймактык шайлоо комиссиясынын тиешелүү күбөлүгү берилет.Эгерде кеңештин депутаттары тарабынан айыл өкмөтүнүн башчысы белгиленген мөөнөттө шайланбай калса, Борбордук шайлоо комиссиясынын сунушу боюнча Президент жергиликтүү кеңешти таратууну жүзөгө ашырат жана тиешелүү кеңешке мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт.
10. Мында башка учурларда Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жонго салынат.
VI. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан бошотуу.
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы ээлеген кызмат ордунан аким тарабынан төмөндөгүдөй учурларда мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
· жеке арызынын негизинде;
· мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген же мамлекеттик ыйгарым укуктар берилген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы үчүн - айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен, а мыйзамдар, Президенттин жана Өкмөттүн прокуратура органдары тарабынан белгиленген ченемдик укуктук актыларын бузуу фактылары кайталанган учурда,- айыл кеңешинин депутаттарын кабардар кылуу менен;
· соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киришинин негизинде;
· ал сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп табылган учуруда;
· соттун өлдү, дайынсыз жок болду, ошондой эле өлгөн деп жарыялоо жөнүндө чечими мыйзамдуу күчүнө кирген учурда;
· Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жактарга туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткен учурда;
· Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкон же чет мамлекеттин жарандыгын алган учурда;
· жылыш болбогон эмгекке жараксыздыгынын кесепетинен өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүгү жок болгон учурда;
· айыл кеңешинин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добушу менен ишенбестик билдирилген учурда;
· тараптардын (тиешелүү мыйзамдын алынышы, мыйзамдарда каралган дагы башка жагдайлар) эрк-ниетине көз карандысыз болгон жагдайлар боюнча.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңеши тарабынан ишенбестик көрсөтүлгөн учурда аким 3 күндүн ичинде аны кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу же болбосо баш тартуу жөнүндө жүйөлөштүрүлгөн чечимин расмий жиберүү менен айыл кеңешинин чечимине макулдук бербөө жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.
3. Айыл өкмөтүнүн башчысына айыл кеңешинин депутаттары тарабынан кайра ишенбестик билдирилген учурда аким аны ээлеген кызматынан бошотот.
4. Айыл өкмөтүнүн башчысы кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулган учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн башчысы шайланганга чейин айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарына жүктөлөт. Айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарынын кызмат орду жок болгон учурда, айыл өкмөтүнүн башчысынын милдеттери айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына жүктөлөт.
VII. Айыл өкмөтүнүн башчысынын ыйгарым укуктары
1.Айыл өкмөтүнүн башчысы:
· айыл өкмөтүнүн ишине жетекчилик кылат жана анын натыйжаларына жооптуу болот;
· айыл кеңешине жергиликтүү бюджеттин долбоорун сунуштайт, жарым жылда бирден кем эмес кеңештин алдында айылдагы иштин жалпы абалы, жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жана муниципалдык менчиктин пайдаланылышы, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн программаларынын, консультациялык-укуктук жардам көрсөтүүнүн аткарылышы жана калктын социалдык жактан корголушу жөнүндө отчет берет;
· берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын талаптагыдай аткарылышын уюштуруу үчүн жеке жооптуу болот;
· айыл кеңешине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү салыктарды жана жыйымдарды киргизүү боюнча сунуш киргизет;
· өздөрүнүн милдеттерин талаптагыдай аткарбаган учурда мамлекеттик мекемелер менен уюмдардын тиешелүү аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерин кызмат ордунан четтетүү жөнүндө маселе коюуга укуктуу;
· тиешелүү аймактык мамлекеттик мекемелердин жетекчилерин дайындоого макулдук берет;
· Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерин кызматка дайындайт жана андан бошотот.
· жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ыйгарым укуктарды, ошондой эле айыл кеңешинин карамагына таандык кылынган маселелерди кошпогондо, берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырат;
2. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык дагы башка маселелерди чечет.
VIII. Айыл башчысы кызматы.
1. Өзүнчө жайгашкан айылдардын жергиликтүү иштерин оперативдүү башкарууну уюштуруу максатында айылдык кеңештин чечими боюнча айыл өкмөтүнүн эмгекке акы төлөө фондусунун чектеринде айыл башчысынын кызматы киргизилиши мүмкүн.
2. Айыл башчысы калыптанган каада-салттар боюнча калк конуштун аймактык өзгөчөлүктөрүнөн чыгып, айыл окмотунун чечими менен берилген иш-милдеттерди аткарат.
3. Айыл башчысы тиешелүү аймактагы тургундардын жыйындарынын макулдугу менен айыл окмотунун башчысы тарабынан дайындалат жана муниципалдык кызматчы болуп саналат.
IX. Айыл өкмөтүнүн ишмердигинин
финансылык-экономикалык негиздери
1. Айыл өкмөтүнүн ишмердигинин Финансылык-экономикалык негизин муниципалдык (коммуналдык) менчик жана төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүүчү финансылык ресурстар түзөт:
· кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, жергиликтүү коомдоштук тарабынан сатылып алынган же ага мамлекет, менчигинин түрүнө карабастан ишкана, уюм, жана мекеме, коомдук уюмдар жана кыймылдар, сүрөөнчүлөр, жеке адамдар жана башкалар тарабынан өткөрүлүп берилген социалдык-турмуш-тиричилик, маданий жана чарбалык багыттагы объекттер;
· жергиликтүү коомдоштукка берилген жер, жайыттар жана башка аянттар, ошондой эле жергиликтүү маанидеги токой, суу жана жол чарбаларынын объекттери;
· чарбалык ишмердиктен түшкөн кирешелер;
· жергиликтүү бюджетке салыктар жана башка келип түшүүлөр;
· кредит ресурстары, дотациялар, субвенциялар жана тышкы инвестициялар;
· жаратылыш ресурстарын пайдалануучулардан алынган акы.
2. Айыл өкмөтүнө мүлк оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилет жана бекитилген мүлктүн менчик ээси ашыкча, пайдаланылбаган же болбосо багытына жараша пайдаланылбаган мүлктү алып коюуга жана аны өз билгениндей башкарууга укуктуу.
X. Корутунду жоболор
1. Айыл өкмөтүнүн өзгөртүп түзүү жана жоюу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.
2. Айыл өкмөтүнүн жоюлган учурда документтер "Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык сакталат.
Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы | М.Р.Акматов |