Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-январы № 27/2
“Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө”
Үч-Коргон айылдык аймагынын жергиликтуу кеңешинин депутаттары Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровдун 2018-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүмү тууралуу отчетун угуп, талкууга салып карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин киреше бөлүгү айыл өкмөтүнө түшкөн каражаттардын эсебинен түзүлөт.
2. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин кирешелер боюнча бөлүгү 11932,3миң сом жана чыгашалар боюнча 11932,3миң сом өлчөмүндө бекитилет. Анын ичинен теңдөөчү грант 4513,7миң сом, жергиликтүү бюджеттен 7418,0миң сом.
Атайын эсеп (спец счет) 860,0 миң сом.
3. Айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын болуштуруу чегинде жүргүзүлөт.
4. Айыл өкмөтүнүн жыл ичинде каржылоо зарыл учурда бир бөлүмдөн экинчи бөлүмгө, өзгөртүү киргизүү үчүн Үч-Коргон айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссия тарабынын каралгандан кийин айылдык кеңештин сессиясына салып токтомунун негизинде аткаруу жагын айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаровго милдеттендирилсин.
5. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн.
(айлык акы, соц.фонд, тамак –аш жана коммуналдык чыгымдар)
7. ТЖКЧ чарбасында иш алып баруу учун 11 штаттык бирдик жана Архиварус кызматына 0,3 штаттык бирдик ачылсын, жана ар кандай чыгымдарына томондогудой баардык айылдарда айыл башчылардын иш планына карата иш алып баруу жагы каралсын. Ички кочолоруно тоо шагылын тогууго жана тиричилик таштандыларын жыйноону ,ташып чыгарууну, уюштурууну аткаруу учун
Кызыл-Жылдыз айылына 600,0мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
-Ак-Таш жана Таш-Башат айылына 220,0мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
-Кенеш айылына 220,0мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
-Уч-Коргон айылына 220,0мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
-Чон-Капка айылына 170,0мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
-Жийде айылына 170,0мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
-ФПСтин айдоо жерлериндеги ички арыктарды тазалоого120,0мин сом акча кражаты болунуп берилсин.
- Жети айылга маалымат баракчаларын илууго маалымат тактасын(доска) жасатууга жана орнотууга 50,0мин сом акчака ражаты болунуп берилсин.
- Кенеш Кызыл-Жылдыз айылдарынын ортосундагы таштандыны жыйноого 30,0 мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
- Китеп кана ремонтуна жана аренда платасына 65 мин сом болунуп берилсин.
8. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жергиликтүү бюджеттен 220,0миң сом накталай акча каражаты бөлүнүп берилсин.
9. Резервдик фонддон 119,3 миң сом накталай акча каражаты бөлүнсүн.
10. Жийде айылындагы орто мектебинин түрткү берүүчү грантына өздүк салым катары 556,2 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин жана Чон капка айылындагы “Ай-Сезим” бала бакчасына кошумча имарат курууга туртку беруучу грантына жергиликтуу бюджеттен эсебинен оздук салым катары 692,6 мин сом акча каражаты болунуп берилсин.
11. Билим берүү бөлүмүнө мектептердин ремонт ж.б ар кандай чыгымдарына 390,0 миңсом акча каражаты бөлүнсүн.
12 Уч-Коргон айыл окмотунун башка ишканалар менен болгон иш чаранын негизинде келип чыккан акт- сверкалардын негизинде кредитордук карызды жабуу учун акча каражаты болунуп берилсин 163,0 мин сом.
13. Социалдык колдоо чөйрөсүнө 230,0 миң сом накталай акча каражаты бөлүнсүн
14. Спорт чөйрөсүнө сметадан бөлүм ачылып 150,0миң сом накталай акча каражаты бөлүнсүн.
15. Кышкы мезгилге даярдык көрүү максатында маданият жана Г.Малаев орто мектебине көмүр алууга 230,0миң сом бөлүнүп берилсин.
16.Айыл окмот кызматкерлерине 5 компьютер жабдууларына ж.б керектелуучу материалдарды сатып алууга 250 мин сом болунуп берилсин.
17. Калган акча каражаттар чечмеленген сметанын негизинде бөлүнүп берилсин.
18. Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Шайназаров жана айыл окмот башчысы М.Акматовго каржылоо жагы милдеттендирилсин.
19. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрагасы К. Ганиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Уметалиев |