Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7- февралы № 27/5
“Манас аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө”
Уч-Коргон айылдык кеңешинин айылдык жамааттарынын чогулуштарынын протоколдору менен таанышып чыгып, талкуулап КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына жана КР БШКсынын “Шайлоо комиссиясынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө жобосуна ылайык Уч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Манас аймактык шайлоо комиссиясынын резервинин курамына төмөнкүлөр көрсөтүлсүн:
-Джетибаева Рахат Джакшылыковна
-Джумашева Шейшенбубу Токтосуновна
-Биймырзаева Венера Бейшебаевна
2. Токтом Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Уч-Коргон айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары (Р.Полотовго ) милдеттендирилсин.
Төрага | М.Уметалиев |