Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20- февралы № 27/10
“Уч-Коргон айылдык аймагынын Таш-Башат айылынын жаңы түшкөн көчөсүнө ат коюу жөнүндө”
Уч-Коргон айылдык кеңешине Таш-Башат айылынын айыл тургундарынан көчөгө ат коюу боюнча келип түшкөн арыздары жана элдик жыйындын протоколдору менен таанышып, талкууга салып айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Башат айылынын тундук тарабындагы биринчи жаңы түшкөн көчөнүн аты Израилов Ибрагим атындагы көчө болуп, аталып бекитилсин;.
2. Жогоруда көрсөтүлгөн көчөгө аты коюлган инсандын туугандары жана уул-кыздарына жашылдандыруу көрктөндүрүү жана социалдык абалын оңдоо жагы жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу боюнча башкы адис Т.Райымбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Агрардык саясат, суу ресурстары жана экология боюнча туруктуу комиссия төрагасы А.Жакыпбековго милдеттендирилсин.
Төрага | М.Уметалиев |