Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5- марты № 27/11
“Жайыт салыгынын бюджетин бекитүү жөнүндө”
Уч-Коргон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу жайыт салыгынын киреше жана чыгаша бюджетин бекитүү боюнча талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018- жылдын жайытынын бюджеттик киреше бөлүгү жайытка барган малдардын санына жараша түшкөн акча каражаттарынын эсебинен түзүлсүн.
2. 2018- жылдагы жайыттын бюджеттик киреше бөлүгү 137060 миң (жүз отуз жети миң алтымыш ) сомду жана чыгашасы 137060 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Уч-Коргон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетинен каржыланган бөлүмдөрү жана бөлүмдөрдүн чыгымдоолору каралган каражаттын чегинде жүргүзүлсүн.
4. КР “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4- беренесине ылайык Уч-Коргон айылдык кеңешинин малдарга бир жылда бир жолу төлөнүүчү жайыт салыгы төмөнкүдөй
а) кой- эчкилер -20 сом
б) ИММ - 100 сом
в) Жылкы - 100 сом
5. Уч-Коргон айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин төрагасы төлөм жагы милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Уч-Коргон айыл өкмөт башчысы М. Акматовго милдеттендирилсин.
7. Токтомдун көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика , жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, муниципалдык менчик, инвестиция, жеке ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссия төрагасы К. Ганиевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Уметалиев |