Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29- марты № 27/13
“Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары Уч-Коргон айылдык аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобо жөнүндө”
Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары Уч-Коргон айылдык аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобону талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Уч-Коргон айылдык аймагынын Ардактуу атуулу наамын ыйгаруу жөнүндөгү жобосу бекитилсин.
2. Уч-Коргон айылдык аймагынын деңгээлиндеги “Уч-Коргон айылдык аймагынын Ардактуу атуулу” наамына Уч-Коргон айылдык аймагында жарандарды сыйлоонун эң жогорку формасы жана алардын мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого өлкөнүн экономикалык интеллектуалдык жана руханий потенциалын арттырууга кошкон салымы , ошондой эле мамлекеттик жана элдин алдында коомдук , гуманитардык кайрымдуулук жана иштерди сиңирген эмгегин таануу болуп саналсын.
3. Уч-Коргон айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына көрсөтүүнүн ыйгаруунун , тапшыруунун, сактоонун тартиптери жана башка эрежелер ушул Жобого ылайык жөнгө салынат.
4. Чет өлкөдө иштеген КР жарандары, ошондой эле чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасынын, анын ичинде Уч-Коргон айылдык аймагынын алдында сиңирген эмгектери үчүн “Уч-Коргон айылдык аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы менен сыйланышы мүмкүн. Аларды сыйлоо боюнча сунуштар жалпы негиздерде берилсин.
5. .Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын төраганын орун басары Р.Полотовго, Социалдык- маселелер , жаштар , спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрагасы Н Сыдыковго, Мыйзамдуулукту сактоо, укуктук тартип, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо , архитектура, курулуш транспорт, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча комиссия төрагасы Е.Мамыралиев ге жүктөлсүн .
Төрага | М.Уметалиев |