УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
кезектеги сессиясы
2018-жылдын 29- марты № 27/14
“ Уч-Коргон айылдык аймагында жыл сайын өткөрүлүүчү “Үлгүлүү үй” , Үлгүлүү үй- бүлө” , “Үлгүлүү айыл” наамдарын ыйгаруу боюнча конкурсту өткөрүү жөнүндө”
Уч-Коргон айылдык аймагын абаттоо жана санитардык, эстетикалык абалын жакшыртуу, айыл маселелерин чечүүдө айыл тургундардын активдүүлүгүн жогорулатуу, мамлекеттик үй – бүлөлүк саясатты жана үй – бүлө мүчөлөрүн тарбиялоодо, окутууда жана ар тараптуу жетилүүсүндө үй- бүлөнүн өз мүмкүнчүлүктөрүн ишке ашырууда өбөлгө түзүү максатында айылдык кеңештин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Уч-Коргон айылдык аймагында жыл сайын өткөрүлүүчү “Үлгүлүү үй” , Үлгүлүү үй- бүлө” , “Үлгүлүү айыл” наамдарын ыйгаруу боюнча конкурсту жыл сайын өткөрүү жагы колго алынсын.
- Уч-Коргон айылдык аймагында жыл сайын өткөрүлүүчү “Үлгүлүү үй” , Үлгүлүү үй- бүлө” , “Үлгүлүү айыл” наамдарын ыйгаруу боюнча конкурсту өткөрүү жобосу бекитилсин.
- Конкурстун жыйынтыгын чыгаруу боюнча комиссия курамы бекитилсин.
- Конкурсту өткөрүү мөөнөтү ар жылдын январь айынын декабрь айына чейин белгиленсин.
- Конкурстун Жобосун айылдардагы маалымат такталарында жана жергиликтүү басмаларда чагылдыруу жагы колго алынсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Социалдык- маселелер , жаштар , спорт, маданият жана массалык маалымат каражаттары, коомдук уюмдар, жергиликтүү коомчулук менен байланыш боюнча туруктуу комиссия төрагасы Н Сыдыковго жүктөлсүн.