Загрузка документа…
УЧ-КОРГОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29- марты № 27/15
“Жарык айыл долбоору жөнүндө”
Уч-Коргон айыл аймагына караштуу Талас –Тараз трассасында жайгашкан Кызыл-Жылдыз, Кенеш, Чон-Капка айылдарынын ичиндеги жарыктандыруучу прожекторлорго кошумча прожектор орнотууга, Ак-Таш, Уч-Коргон айылдарына кире беришине жарыктандыруу прожекторун орнотуу боюнча Талас облустук өнүктүрүү фондунун каражатынын эсебинен долбоорго киргизүү боюнча Уч-Коргон айылдык кеңешинин депутаттары талкууга салып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас – Тараз трассасында жайгашкан Кызыл-Жылдыз ,Кенеш, Чон-Капка айылдарынын ичин кошумча жарыктандыруучу прожекторлорун орнотууга долбоорго киргизүү жагы каралсын .
2. Кенеш айылынан Чоң-Капка постуна чейин 940 метр, Чоң-Капка айылынан Кара Буура районунун чектешине чейин 3700 метр, Талас- Тараз авто жолундагы “Манас ата ” айкелинин бет маңдайына 300 метр, бардыгы болуп 4940 метрди долбоорго уруксат берилсин.
3. Ак-Таш, Уч-Коргон айылдарынын кире беришине жарыктандыруу прожекторлорун орнотуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн
4. Долбоорду ишке ашыруу жагы айыл өкмөт башчысы М.Акматовго жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
Төрага | М.Уметалиев |