ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-январы № 1
“Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешесинен ашкан акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө”
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 26-январындагы 1-кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин кирешесинен ашкан акча каражаттарын бөлүштүрүүнү карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Наристе” балдар бакчасынын дорожасын цементөөгө 19260 сом бөлүнүп берилсин.
- “Наристе” балдар бакчасына кышкы жылытууга тендерди алып берүүгө 11500 сом бөлүнүп берилсин.
- “Балажан” балдар бакчасынына ремонт иштерине 152653 сом бөлүнүп берилсин.
- “Балажан” балдар бакчасынын ашкана эмеректерине 74980 сом бөлүнүп берилсин.
- Отунбай, Хусей көчөлөрүнө полиэтилен трубасына 153000 миң сом бөлүнүп берилсин.
- Лесмаг скважинасын курчоого 32500 сом бөлүнүп берилсин.
- Ленин атындагы орто мектебине калориферге 34 860 сом бөлүнүп берилсин.
- Канцтоварларга 42 000 сом бөлүнүп берилсин.
- Райондук газетага токтомдорду чыгарууга 6000 сом бөлүнүп берилсин.
- Кулжабаев Мараттын үйүнүн чатырын оңдоого материалдык жардам катары 20000 сом бөлүнүп берилсин.
- Бейшеналиев Жоомарттын уулу автокырсыкка учурагандыгына байланыштуу материалдык жардам катары 30000 сом бөлүнүп берилсин.
- Абдылдаев Иметбек декабрь айында Бишкек шаарына грек-рим күрөшү боюнча катышып келүү үчүн 14000 сом бөлүнүп берилсин.
- Хусей көчөсүндөгү көмөкчордондун документтерин РЭСтин балансына өткөрүү үчүн 4 200 сом бөлүнүп берилсин.
- Жолсай мечитине материалдык жардам катары 20000 сом бөлүнүп берилсин.
- Жунусов атындагы орто мектебинин темир чатырынын үстүнөн тартылган кабелди жылдыруу үчүн 24200 сом бөлүнүп берилсин.
- Көчөлөрдүн чек арасын тактоо үчүн 20 000 сом бөлүнүп берилсин.
- Тойчубек көчөсүнүн столбаларын орнотууга 60 000 сом бөлүнүп берилсин.
- Бакай-Ата жайыт пайдалануучулар бирикмесине өздүк салым үчүн 250 000 сом бөлүнүп берилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комиссиясына жүктөлсүн.