Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 11-майы № 20
“Бакай-Ата айыл аймагынын 2019-2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун кароо жөнүндө”
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2018-жылдын 11-майындагы 3-кезексиз сессиясы Бакай-Ата айыл аймагынын 2019-2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бакай-Ата айыл аймагынын 2019-2020-2021-жылдарга карата жергиликтүү бюджетинин долбоору жактырылсын.
2. Долбоордогу 2019-жылга карата киреше бөлүгү 19051,3 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 19051,3 миң сом деп белгиленсин.
3. Долбоордогу 2020-жылга карата киреше бөлүгү 19762,3 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 19762,3 миң сом деп белгиленсин.
4. Долбоордогу 2021-жылга карата киреше бөлүгү 20480,5 миң сом, ал эми чыгаша бөлүгү 20480,5 миң сом деп белгиленсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |