Загрузка документа…
ОРО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 18-майы № 3
«Кайрымдуулук жардам катары тушкон акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө»
Оро айылдык Кенешинин Х - чакырылышынын кезектеги ХУ11 сессиясы Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын сунушу боюнча Оро айылдык аймагынын атайын каражатынын эсебине 2018- жылдын биринчи жарым жылдыгы учун «ГЛОБАЛ ШИРАЛЬДЖИН МАЙНИНГ» компаниясынан Оро айыл аймагынын Кыргызстан, 1-Май жана Жон-Коргон айылдарына кайрымдуулук жардам катары тушкон акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап Оро айылдык Кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018 – жылдын биринчи жарым жылдыгы учун тушкон акча каражаты 2000000 сом өлчөмүндө белгиленсин жана анын ичинен :
Мамлекеттик тейлоо кызмат бөлүмүнө;
3111 статьясына – 2000000 сом акча каражаты болунуп берилсин.
Бүгүнкү күндө айлык акыга жана соцфондко карызыбыз жок.
2. Оро айылдык аймагынын финансы экономика бөлүмүнүн башчысына жогорудагы көрсөтүлгөн акча каражатын токтомдун негизинде бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин.
3. Оро айылдык аймагынын башчысы Э.Сурапов, бөлүнгөн акча каражатын өз багытында натыйжалуу пайдалануу жагын көзөмөлдүккө алсын.
Төрага | Н.Шадыбеков |