Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-марты № 02
«Балдар бакчасына балдарды кабыл алуу үчүн,кезекке турууга ата-энелердин арызы айыл аймагынын жооптуу катчысына тапшыруу жөнүндө”
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги II-сессиясындаайыл аймагынын өкмөт башчысы Ж.Орозбаевдин билдирүүсүн угуп,талкуулап, Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII чакырылышынын II-кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу “ Ак-Дөбө № 1 жана Ак-Дөбө № 2” балдар бакчасына балдарды кабыл алуу үчүн,кезекке турууга ата-энелердин арызы айыл аймагынын жооптуу катчысына тапшырылсын.
2.Балдарды бакчага кабыл алуунун үй-шартын жана кезекке катталгандарды иликтөө,айылдык кенештин социалдык тармакты тейлоо комитетине жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
4.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Джумакулов М. |