Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 6-марты № 17
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын II-кезектеги сессиясы, Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы З.Оморкановдун 2018-жылдын бюджетинин долбоорун бекитип берүү жөнүндөгү сунушун угуп, талкуулап депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын II -кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин киреше бөлүгү 190.000 сом жана чыгаша бөлүгү 190.000 сом менен бекитилсин.
2. Алыскы жайытка кеткен малдардан майда жандыктан 15 сом, уй баласынан 200 сом, жылкыдан 200 сомдон жайыт комитетине салык катары төлөнүп берилсин.
3. Жайыт комитетине айылдык кеңештин депутаттарынан мучө болуп төмөндөгү депутаттар (Байтереков Касымбек, Коодоков Нурбек, Конгайтиев Кушчубек) бекитилсин
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Дөбө айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы З. Оморкановго. жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам
6. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Джумакулов |