Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 29-марты № 6
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын III-кезектүү сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин сунушун угуп ,Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын III–кезектүү сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Дөбө айыл аймагынын 2018-жылга карата бекитилген токой чарбасынан алынган көчөттөргө жана гүлдөргө акча каражаты каралсын.
-Ак-Дөбө,Кызыл-Сай айылдарына гүл тигип клумба орнотууга 150000
-Ак-Дөбө айыл аймагын жашылдандыруу үчүн көчөт тигүүгө өздүк салым катары 10000
-ЖКХ бөлүмүнө көчө жарыктарын оңдоп ремонттоп турууга 200000
-КРнын айлана-чөйрөну коргоо мыйзамынын 193-беренесинин негизинде административдик штраф 15000
-Талас өнүктүрүү фондуна атайын техника алуу үчүн өздүк салым катары 100000
-Ак-Дөбө жана Кызыл-Сай айылдарында жайгашкан эстеликтерди ремонтоого 70000 –
-Мамлекеттик башкаруу бөлүмүнө Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине салык чогултуу үчүн 20000
-Маданият бөлүмүнө (Музей) көмүр алуу үчүн 35000
-Ак-Дөбө айыл аймагында жайгашкан маалымат такталарына Ак-Дөбө айыл өкмөтү тарабын чыккан ар кандай маалыматтарды илүү үчүн 12000
-Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн балансында турган форт транзит унаасына авто тетиктерин алууга 30000
-Эчкили тоосундагы таштанды төгүүчү жайдын четтерин тосуу үчүн 80000
-Билим берүү бөлүмүно (бала бакча) “Ак-Дөбө1” жана “Ак-Дөбө2” балдар бакчаларына көмүр алуу үчүн 360000 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жылдырылып берилсин.
2.Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Джумакулов |