Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели № 08
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IV-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын өкмөт башчысынын Ж.Орозбаевдин сунушун угуп ,талкуулап депутаттардын айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IV–кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айылдык жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан 2018-жылга Эчкили тоосундагы ветеринардык клиника курууга, купка жана жолду ремонттоого инвестициялык планы бекитилсин./план тиркелет/
2. Ак-Дөбө айылдык жайыт комитети тарабынан иштелип чыккан 2018-2022-жылга чейин көпүрө жана жолду оңдоого перспективдүү план бекитилсин ./план тиркелет/
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жайыт комитетинин төрагасы З.Өморкановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Джумакулов |