Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 26-апрели № 09
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык
кеңешинин VII-чакырылышынын
IV-кезектеги сессиясы
“Ак-Дөбө айыл аймагынын бюджетинен акча каражатын жылдыруу жөнүндө”
Ак-Дөбө айыл аймагынын бюджетинен акча каражатын жылдыруу жөнүндөгү маселени Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин билдирүүсүн угуп ,талкуулап Ак-Дөбө айылдык кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган Маданият бөлүмүндө каралган ( Маданият үйү ) Кызыл-Чарба айылына спорттук аянтча куруу 3111 статьясынан 300000 сом, ЖКХ бөлүмүнүн Ак-Дөбө айыл аймагынын муниципалдык көчөлөрдү тегиздеп кум төгүүгө 2215 статьясынан 250 250 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жылдырылып берилсин:
-ЖКХ бөлүмүнө Трасса боюндагы фонарларга светофор түстөгү ленталарды тартуу үчүн 22000 сом .
Таш кум казууга уруксат ( лицензия ) алууга 308 250 сом.
Ак-Дөбө айыл өкмөтүнө Бульдозер алуу үчүн 140 000 сом.
Ак-Дөбө айылына жаңы салынган Таш майдалоочу заводко кошумча жумуш иштерин жасоо үчүн 60 000 сом.
Таш майдалоочу завод жана жарыктандыруу долбоорлору бүткөндүгүнө байланыштуу обьектерди кабыл алуу үчүн тийиштүү документтерди алууга жана документтерди даярдоого 20 000 сом акча каражаты бекитилсин .
2.Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатынын планын отургузуп берүү жагы КР нын финансы министирлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешке жана анын бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | М.Джумакулов |