Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 24
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын VI-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин сунушун угуп ,Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын VI –кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Г.Герцен атындагы айылдык көркөм сүрөт музейин Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризим министрлигинен Мамлекеттик статус берүү жана музейдин финансылык чыгымдары ( штаттык транспорттук командировкага жана башка) Республикалык бюджеттен кароо жагы сунушталсын.
2. Т.Г. Герцен атындагы музей Маданият жана туризим министрлигине оперативдүү башкарууга өткөрүү жагы сунушталсын.
3.Т.Г.Герцен атындагы көркөм сүрөт музейиндеги сүрөттөр,экспонаттар келишимдин негизинде өткөрүлүп берилип жана көркөм сүрөт музейинен сырткары чыгарылбасын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
5. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге милдеттендирилсин.
6.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Джумакулов |