Загрузка документа…
АК-ДОБО АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-марты № 29
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык
кенешинин -чакырылышынын
кезектеги –сессиясы.
Талас областынын Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык аймагынын
“2017-жылга жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө”
Ак-Дөбө айылдык кенеши айыл аймагынын 2017-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-дөбө айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин көлүмө киреше, чыгаша менен 13478,1 мин сом суммасында баланс менен бекитилсин жана 2016-жылдан 3512,0 мин сом өндүрүлбөй калган кмрешелер эске алынсын.
Киреше бөлүгү төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн.
а) Мамлекеттик салыктардын чегерүүсүнөн-10221,5 мин сом; анын ичинен
1.Салык түшүүлөр:
- Иш берүүчүлөр тарабынан айлык акыдан кармалуучу салык -1885,1 мин сом
- чакан ишкерлерден, субъектерден алынуучу киреше салыгы-0,0 мин сом
- милдеттүү патенттөөдөн алынуучу салык - 18,0 мин сом
-ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу киреше салык -383,8 мин сом
- кыймылсыз мүлктө алынуучу салык - 42,0 мин сом
-унаа ээлеринен алынуучу киреше салык -530,0 мин сом
- короо жай жер салыгы -174,6 мин сом
- айыл чарбасына жарактуу жер салыгы - 1025,6 мин сом
- айыл чарба багытында эмес жер салыгы - 190,9 мин сом
- сатуудан алынуучу салык -1400,0 мин сом
2.салык эмес түүшүүлөр
- Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы -2457,8 мин сом
- Жайлардын ижара акысы - 300,0 мин сом
- Жайыт жер салыгы - 214 мин сом
- Юст.органы тарабынан кармалуучу мамлекетти пошлина - 0,0 мин срм
- Админ. Штраф жана штрафтык санкциясы - 0,0 мин сом
- Атайын каражаттар (б/бакча ата энелер төлөмү) -1509,7 мин сом
- Таштандыларды чыгаруу үчүн салык - 90,0 мин сом
- Тендөөчү грант - 3256,0 мин сом
Бюджеттин киреше бөлүгүнүн жалпы көлөмү 13478,1 мин сомду түздү.
Салыктын түшүүлөрү.
- Короо жай жер салыгы 184,3 мин-сом
- Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы 816,8 мин сом
- Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 9,9 мин сом
Салык эмес түшүүлөр.
- Кайра бөлүштүрүү фондунун ижара акысы 2058,7 мин сом
- Жайыт жеринин салыгы 5,0 мин сом
- Жайлардын ижара акысы 93,6 мин сом
- Таштандыларды ташып чыгаруу салыгы 323,1 мин сом
- Атайын каражаттар (б/бакча ата-энелер төлөмү) 20,6 мин сом
2016-жылы өндүрүлбөй калган жалпы киреше бөлүгү 3512,0 мин сомду түздү.
I. Чыгашалар бөлүгү 13478,1 мин сом өлчөмүндө төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин.
1. Башкаруу аппаратына -3356,5 мин сом
2. Билим берүү бөлүмүнө -914,7 мин сом
3. Соцалдык корго бөлүмүнө -350,0 мин сом
4. ЖКХ бөлүмүнө -4794,3 мин сом
5. Маданият бөлумүнө -2290,2 мин сом
6. Атайын каражат -1509,7 мин сом
7. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө -120,0 мин сом
8. Экономикалык Маселелер - 142,7 мин сом
II. 2017-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын (эмгек акы, соц.фонд ж.б)
III. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше булагы катары белгиленген мамлекеттик салыктардын чегерүүсүнөн түшүүчү пландардын аткарылышын
камсыз кылуу милдети кирешелер боюнча кызматкерлерине милдеттендирилсин.
IV. 2017-жылдын 1-январына айылдык бюджеттин эсебиндеги кассалык акча жүгүртүү каражатынын көлөмү 3700 сом өлчөмүндө белгиленсин.
V.Айыл өкмөт тарабынан атайын каражаттарды казыналыктан өткөрбөй туруп пайдаланууга тыюу салынсын. Тартип бузган учурда ал сумма 100% республикалык бюджетке алынаары жөнүндө мыйзамда көрсөтүлгөндүгү эскертилсин.
VI.Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктуулуктун негизги принциптери жөнүндөгү ” мыйзамынын 21- статьясына ылайык, 217-жылга каралган айылдык бюджеттин 130,0 мин сому резевдик фонд болуп түзүлүп, айыл өкмөт башчысынын тескөөсүнө берилсин.
VII. Бакай-Ата райондук мамлекетиик администрациясынын 14-декабрь 2011-жыл Б-30/II буйругунун негизинде, “өзгөчө кырдаал” зарылдыгы үчүн, айылдык бюджеттин өздүк эсебинде 120,0 мин сом суммасында накталай акча каражаты кол тийгиз запастагы резервдик фонд катары түзүлсүн.
VIII. Ак-Дөбө айыл аймагындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин,Күрөн уулу Шаршенбай атындагы орто мектебинин,Ак-Дөбө балдар бакчасынын жана Гулзар балдар бакчасынын имараттарын жарыктандырууга жана жылытууга кете турган электро энергия чыгымы 1236,6 мин сом жана көмүр чыгымы 60 тонна 250,0 мин сом акча каражаты Республикалык бюджеттин эсебинен каралганы эске алынып,бул чыгымдарды каржылоо жагыКаржы Министрлигинен суралсын.
IX.Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жыл ичинде бюджетке тактоолор, өзгөртүүлөр киргизилген учурда, Каржы Министрлиги тарабына сунушталган өзгөртүүлөрдү, тактоолорду айылдык бюджетке киргизүү, ошондой эле жергиликтүү киреше булактары боюнча тактоолорду, өзгөртүүлөрдү жасоо Министирликтин тиешелүү бөлүмдөрү менен макулдашуунун негизинде жүргүзүү ишке ашырылсын.
X.Бюджетти аткаруу процесинде,мекемелердин сунушуна ылайык,жыл ичинде кварталдык роспись боюнча белгиленген суммалардын кварталдан кварталга мыйзам чегинде жылдырууларды жүргүзүү мүмкүнчүлүгү айыл өкмөттүн башчысына жана каржы бөлүмүнө берилсин.
Разделден разделге жана статьядан статьяга которуу жагы мыйзам чегинде айылдык кенеш аркылуу жүргүзүлсүн.
XI.Салык кодексинин 197- статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
XII.2018-жылдын бюджетинин болжолунун жалпы көлөмү 13645,6 мин сом анын ичинен тендөөчү грант 3119,7 мин сом,
2019-жылдын бюджетинен болжолунун жалпы көлөмү 13718,6 мин сом анын ичинен тендөөчү грант 3167,2 мин сом.
XIII.Айыл чарба багытында эмес жер салыгын чегерүүнүн коеффиценти К1-1,0 болуп белгиленсин.
XIV.Бюджеттин киреше булагы болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдан калган суммаларды (неоимкаларды) толук өндүрүүдө айыл аймагынын кирешелер боюнча кызматкерлерине катуу талап коюлсун, ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
XV.Жергиликтүү бюджеттин аткарылышына жалпы көзөмөлдүк жүргүзүп туруу жана финансылык-бюджеттик, бухгалтердик-баланстык мезгилдүү отчеттордун топтомун жыйынтыктап райондук каржы бөлүмүнө өз убагында сапаттуу тапшырып туруу милдети айыл өкмөттүн финансы-экономика ибөлүмүнүн башчысына дайындалсын.
XVI. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенешке жана анын бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Джумакулов М |