Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 2-марты № 17
Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын V-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл окмотунун Ж.Орозбаевдин Ак-Добо айыл аймагынын таштандыларды башаламан жерлерге таштоо боюнча айып пул чектөө, жонундо сунушун угуп ,Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин XXVII-чакырылышынын V –кезектеги сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө аймагындагы муниципалдык менчик көчөлөргө чөп,кум,таш, топурак,техника тетиктерин жол боюна койгон атуулдарга жана айылдан сырткары таштандыларды баш аламан жерлерге таштанды таштаган атуулдарга 5000( беш мин)сом айып пул салынсын жана муниципалдык менчик көчөлөру ген планга ылайык калыбына келтирилсин.
2.Ак-Дөбө айыл аймагына караштуу, кызыл сызыктан чыгып айыл окмоттун муниципалдык жерине кирип кеткен атуулдарга 5000 (беш мин ) сом айып пул салынсын.
3. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Джумакулов |