Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 31
Депутаттардын Ак-Дөбө Кенешинин
XXVII-чакырылышындагы VII- сессиясынын № 31- токтому
“Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн Уставын Жаны редакцияда кабыл алуу жана Мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Ак-Дөбө айыл аймагынын уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ылайык келтирүү максатында жана 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин негизинде Ак-Дөбө айылдык аймактык кенеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Бакай-Ата районунун Ак-Дөбө айылдык аймагын “Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн” Уставы кыргыз тилинде жаны редакцияда бекитилсин.
2. Ак-Дөбө айыл аймагына тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге жүктөлсүн.
4. Ушул чечимде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзмдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | М.Джумакулов |