Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 26-апрели № 32
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык Кенешинин
VII-макырылышынын кезектеги VII- сессиясы
“Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндө”
Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлүгүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешени чыгымдоо жөнүндөгү маселени Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап Ак-Дөбө айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлугүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 130249 сом акча каражаты түзгөндүгу эске алынсын.
2. Ак-Дөбө айыл өкмөтүнүн 2016-жылдагы киреше бөлугүнүн жыйынтыгынан келип чыккан чыгашадан ашкан кирешеси 130249 сом акча каражаты ЖКХ бөлумүнө арис программасынан проектинин негизинде келе турган Амкодор котопиль алууга өздүк салым катары бекитилсин.
3. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн чыгымдарга акча каражатын бөлүп берүү жагы КР нын финансы министирлигинин Бакай-Ата башкармалыгына сунушталсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кенешке жана анын бюджеттик комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Джумакулов М |