Редакцияот 29.08.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 29-августу № 56

Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IX-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин сунушун угуп ,Ак-Дөбө айылдык кеңешинин депутаттары талкуулап, депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын IX–кезектеги сессиясы.

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. КРнын автомобиль жолдору жөнүндө мыйзамынын 7-беренесине ылайык,Ак-Дөбө айыл аймагынын муниципалдык менчикте турган “Кызыл-Чарба” көчөсүн асфальттоо жагы 2018-жылдын Республикалык бюджеттин капиталдык салымына киргизилсин жана КРнын жол Министрлигинин алдындагы жол фондусуна сунушталсын

2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Төрага

М.Джумакулов