Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-августу № 59
Ак-Дөбө айылдык кенешинин VII-чакырылышынын IX- кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин сунушун угуп, Ак-Дөбө айылдык кенешинин депутаттары талкуулап, депутаттардын Ак-Дөбө айылдык кенешинин VII- чакырылышынын IX- кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. КР ЖОБ мыйзамынын 31-беренесинин 14- пунктуна ылайык Кызыл-Чарба айылындагы ичип жаткан таза суусунун төлөнүүчү тарифи жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржылансын.
2. Ак-Дөбө айылындагы жайгашкан пром ишканалардын (ТАТ буурчак, ГАСПРОМ, Сүт завод ж.б) акыр-чикирлерин таштандыларды чыгаруу жагы келишимдин негизинде жүргүзүсүн жана Ак-Дөбө айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырам.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Джумакулов |