Загрузка документа…
АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-августу № 60/I
Депутаттардын Ак-Дөбө айылдык
Кенешинин VII- чакырылышынын
кезектеги IX- сессиясы
“Ак-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Сай айылындагы спорт залын ремонттоо жөнүндө”
Ак-Дөбө айылдык кенешинин VII-чакырылышынын IX-кезектеги сессиясында Ак-Дөбө айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин Ак-Дөбө айыл аймагындагы Маданият үйүн үлүштүк дем берүүчү грант (стим.грант) аркылуу капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20% өздүк салым катары акча каражатын кароо,жөнүндөгү сунушту угуп, Ак-Дөбө айылдык кенешинин депутаттары талкуулап, Эдепутаттарынын АК-Дөбө айылдык кенешинин VII- чакырылышынын IX- кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Сай айылындагы спорт залын үлүштүк дем берүүчү грант (стим.грант) аркылуу капиталдык ремонттон өткөрүү 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен 20 % өздүк салым катары 657891 (алты жүз элүү жети мин сегиз жүз токсон бир) сом акча каражаты каралсын.
2. Ак-Дөбө айыл аймагынын Кызыл-Сай айылындагы Спорт залын капиталдык ондоодон өткөрүү долбоорунун сметасынын жалпы суммасы 3289459 (үч миллион эки жүз сексен тогуз мин төрт жүз элүү тогуз) сомду түзгөндүгү белгиленсин.
3. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымды 657891 (алты жүз элүү жети мин сегиз жүз токсон бир) сом накталай акча түрүндө айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетине кирсетүү жагы сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Орозбаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Джумакулов М |