ТоктомКүчүндө

Ак-Добо айылдык кенешинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 63 «Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо жөнүндө» токтому

Редакция26.10.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

АК-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2017-жылдын 26-октябры № 63

Депутаттардын Ак-Добо айылдык

Кенешинин VII чакырылышынын

кезектеги X сессиясы.

Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобону бекитүү жонундо маселени Ак-Добо айыл аймагынын башчысы Ж.Орозбаевдин билдируусун угуп, талкуулап Ак-Добо айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ :

Аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү тартиби жөнүндө типтүү жобого (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-ноябрындагы №633 токтому менен бекиген) жана Жергиликтүү коомчулуктун уставына ылайык, долбоордук каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана анын бекитилген пландарга шайкеш келишин, долбоорлорду ишке ашыруунун натыйжалуулугун баалоо максатында:

1. Айылдык аймакта долбоорлорду аткаруунун натыйжалуулугуна мониторинг жана баалоо өткөрүү тууралуу жобо (мындан ары - Жобо) тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул токтом Айыл жарчысы гезитинде расмий сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.

3. Бул токтомдун аткарылышын уюштуруу айыл өкмөттүн адиси Мураталиев Э жана Мониторинг тобунун төрагасы У.Бабыровго жүктөлсүн.

 

Төрага

Джумакулов М