Редакцияот 06.04.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

7-чакырылышынын кезексиз сессиясы

2017-жылдын 1- марты № 6

Кууганды айылдык Кеңеши токтом кылат

1.    Кууганды айылдык өкмөтүнүн башчысы А.Жолдошовдун, Кууганды айыл аймагына тиешелүү болгон жайыттарга байланыштуу маалымат-сунушу, маалымат катары кабыл алынсын.

2.    “Кууганды айыл өкмөтүнүн жайыттарынын тышкы чек аралары, “Кыргыз СССРинин Министрлер Советинин 1990-жылдын 14-мартындагы №93-р сандуу буйругунун негизинде, “Кыргызгипрозем” долбоорлоо институту тарабынан 1991-жылы жүргүзгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын №22 формасынын, 1,2-тиркемелери менен аныкталган”-деп табылды.

3.    “Кууганды айыл өкмөтү азыркы убакта ээлеген жайыттары, “Кыргызгипрозем” долбоорлоо институту тарабынан 1991-жылы жүргүзгөн инвентаризациянын жыйынтыгынын №22 формасынын, 1,2-тиркемелери менен аныкталып, “Талас райондук Кеңешинин Президиумунун 1991-жылдын 12-декабрындагы №221 чечими менен бекитилген”-деп табылды.

4.    “Кууганды айыл өкмөтүнүн азыркы ээлеген жайыттарынын тышкы чек аралары, “Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 3-статьясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-июнунда №386 Токтому менен бекитилген Жобонун 7-пунктунун талаптарына ылайык аныкталган”-деп табылды.

5.    “Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, 06.06.2012-жылы берилген “Б” №016057 жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыны, “Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын 16-беренесинин 3-пунктунун талабына ылайык берилген”-деп табылды.

6.    Талас райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгы, 06.06.2012-жылдагы сериясы “Б” №016057 жер участогун мөөнөтсүз пайдалануу укугу жөнүндөгү мамлекеттик актыга, “Жер участогу  “Кыргызгипрозем” долбоорлоо институту тарабынан аныкталып, Талас райондук Кеңешинин Президиумунун 1991-жылдын 12-декабрындагы №221 чечиминин, Кыргыз Республикасынын Жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2009-жылдын 19-июнунда №386 Токтомунун жана  Кууганды айылдык Кеңешинин кезексиз сессиясынын 01.03.2017-жылдагы №6 Токтомунун негизинде берилди.

 

Төрага

Э.Тайтекеев