Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы № 8
"Талды-Булак айылындагы сейил багынын айланасын курчоо боюнча Талас райондук өнүктүрүү фондуна долбоордук сунуш берүү жөнүндө"
Талды-Булак айылындагы сейил багын курчоо боюнча Осмонкулов айылдык аймагынын башчысы У. Кудайбергеновдун сунушун талкуулап чыгып, Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 12-кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талды-Булак айылындагы сейил багын курчоо үчүн Талас райондук өнүктүрүү фондуна долбоор даярдалып, сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Джумаев |