Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы № 10
«Таза Суу «ИСКАКБ «Үч-Кошой» 2017-жылдагы суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге айып пул төлөө жөнүндө»
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 12-кезексиз сессиясынын №12 протоколунун негизинде Осмонкулов айылдык ИСКАКБ «Үч-Кошой» дун жетекчиси Э.Чаловдун ИСКАКБ “Үч-Кошой” боюнча суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге айып пул төлөө керек экендиги боюнча кайрылуусун угуп жана талкуулап Осмонкулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ИСКАКБ “Үч-Кошой” боюнча суу түтүктөрүн туура эмес пайдалангандарга, суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге төмөндөгүдөй айып пул төлөө жагы бекитилсин:
Суу чоргого:
Кир жуугандарга 500 сом
Автоунаа жуугандарга 500 сом
Люктун ичине уруксаты жок киргендерге 2000 сом
Огород сугаргандарга 5000 сом
Суу түтүктөрүн уруксаты жок киргизгендерге 3000 сом
Суунун баштапкы бөлүмүнө мал киргизгендер:
Бодо малга 500 сом
Кой эчкиге 200 сом
Суу пайдалануудан баш тартып кайра пайдалангандарга 1000 сом
Суу чоргонун жанынан мал сугаргандарга 1000 сом
2. Ушул токтомдун негизинде КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин макулдашуу жагы ИСКАКБ “Үч-Кошой” дун жетекчиси Э.Чаловго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айылдык аймагынын коммуналдык менчик боюнча адиси М. Райымбековго жүктөлсүн
Төрага | А.Джумаев |