Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы № 11
«Бакай-Таш Сервис» муниципалдык ишканасындагы техникалардын кызмат көрсөтүү тарифин жана ишканада иштеген жумушчулардын айлык акысын бекитүү жөнүндө»
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 12-кезексиз сессиясынын №12 протоколунун негизинде 30.03.2071-ж Осмонкулов айылдык аймагындагы 30.03.2017. жалпы элдик жыйындын №____ Протоколунун негизинде талкуулап, Осмонкулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Бакай-Таш Сервис» муниципалдык ишканасындагы техникалардын кызмат көрсөтүү тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Айдоо жери-1000 сом 20 литр солярка
Дын жер – 1000 сом 25 литр солярка
Огород – 40 сомдон
Мала – 600 сом 10 литр солярка
Сеялка (Себүү) – 600 сом 10 литр солярка
Чөп түктөө – 8 сомдон жибин берсе, жиби жок 10 сом
Арык – 1 метри 1 сом 50 тыйын
Культивация – 600 сом 10 литр солярка
Чөп чабуу (Касилка) – 800 сом 10 литр солярка
Чөп тазалоо (Грабил) - 600 сом 10 литр солярка
Жүктөө (Погурзчик) - 300 сом
Дискалоо - 600 сом 15 литр солярка
Комбайн - 1000 сом 25 литр солярка
2. «Бакай-Таш Сервис» муниципалдык ишканасындагы кызматкерлеринин айлык маянасы келишимдин негизинде төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
Ишкананын жетекчисине айына – 5000 сомдон
Трактористерге айына – 5000 сомдон
Эгерде кошумча штаттык бирдик алынса келишимдин негизинде түзүлсүн.
3. «Бакай-Таш сервис» ишкананын жетекчиси М.Сулайманов КР Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин макулдашуусу менен тарифтерди бекитүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Осмонкулов айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Джумаев |