Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 13
Депутаттардын Осмонкулов айылдык кеңешинин
VII-чакырылышындагы 13-кезексиз сессиясынын № 13 протоколу
“Осмонкулов айыл өкмөтүнун Уставын жаңы редакцияда кабыл алуу жана мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Осмонкулов айыл өкмөтүнүн уюштуруу документтерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында жана 2011-жылдын 15-июлундагы Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын негизинде Осмонкулов айылдык аймактык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык округунун «Осмонкулов айыл өкмөтүнүн» фирмалык аталышы Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык аймагынын «Осмонкулов айыл өкмөтү» мекемеси болуп кайрадан аталсын.
2. Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык аймагынын «Осмонкулов айыл өкмөтү» мекемесинин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: Талас облусунун Талас районунун Осмонкулов айылдык аймагынын «Осмонкулов айыл өкмөтү» мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение «Осмонкулов айыл окмоту» Осмонкуловского айыльного аймака Таласского района Таласской области.
3. Осмонкулов айыл өкмөтүнүн Уставы кыргыз тилинде жаңы редакцияда бекитилип, тийиштүү мамлекеттик органдардан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы У.Кудайбергеновго жүктөлсүн.
Ушул чечиминде көрсөтүлгөн маалыматтардын аныктыгы, мамлекеттик кайра каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгы жана мыйзамдарда белгиленген учурларда, юридикалык жакты кайра каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырасталат.
Төрага | А.Джумаев |