Загрузка документа…
ОСМОНКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 15
«Осмонкулов айылдык аймагынын маданият үйүнүн имаратында жайгашкан «Талас» Асыл тукум жылкы чарбасынын балансында турган 7 бөлмөнү Осмонкулов айылдык аймагынын балансында турган Жеңиш паркынын аянтында жайгашкан китепкананын үч бөлмөлүү имаратына алмаштыруу жөнүндө »
Осмонкулов айылдык кеңешинин VII чакырылышынын 13-кезексиз сессиясынын №13 протоколунун негизинде «Талас» Асыл тукум жылкы чарбасынын балансында турган 7 бөлмө үстүнөн суу агып, дубалдары жарылып, айнектери жок, полдору чирип, сынып жараксыз абалда тургандыгына байланыштуу Талас районунун «Талас» асыл тукум жылкы чарбасынын директору А.К.Жумаевдин кайрылуусун угуп жана талкуулап Осмонкулов айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Осмонкулов айылдык аймагынын маданият үйүнүн имаратында жайгашкан «Талас» Асыл тукум жылкы чарбасынын балансында турган 7 бөлмөнү Осмонкулов айылдык аймагынын балансында турган Жеңиш паркынын аянтында жайгашкан үч бөлмөлүү китепкананын имаратына алмаштыруу жагы КМИИжЖИнун директору Турдубаев Таалайбек Жээнбековичтен суралсын.
2. Токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы Осмонкулов айылдык аймагынын башчысы У. Кудайбергеновго милтеттендирилсин.
Төрага | А.Джумаев |