Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 27-апрели № 13
“Покровка орто мектебиндеги спорт залын оңдоп-түзөө жана курулуш иштери боюнча”
2015-жылдын 21-сентябрындагы № 1 ОсОО “Ал-Мугни” менен түзүлгөн келишимдин негизинде Покровка орто мектебиндеги спорт залды оңдоп-түзөө иштери өз убагында аткарылбагандыгына байланыштуу Покровка айылдык кеңешинин бюджеттик комиссиясынын жана айыл өкмөтүнүн тиешелүү кызматкерлеринин 2017-жылдын 2-мартындагы жыйынынын протоколунун негизинде Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка орто мектебинин спорт залынын жоктугунан окуу процессине кедерги тийгизип жаткандыгына байланыштуу спорт залын оңдоп-түзөө иштерин баштоо айыл өкмөтүнүн бюджеттик каражатынан иш алып баруу жагы каралсын
2. Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго керектелүүчү чыгымдарды бөлүп берүү жагы милдеттендирилсин
Төрага | М. Сыдыков |