Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 10-майы № 14
Покровка айылдык аймагына караштуу жайыттарды туура пайдалануу максатында Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын 1-апрелинин 20-майга чейин саздагы жайытка малдар чыгарылбасын
2. 2017-жылдын 20-майынан 1-сентябрына чейин саздагы жайытка саан уйлар гана калтырылсын.
Саан уйлардан башка малдар саздагы №75, 70, 82, 83, 69, 68, 159, 157, 151, 149, 91, 88, 93, 92, 160 контурдагы жайытка чыгарылса кара малга – 1000(миң) сом, кой-эчкилерге – 250 (эки жүз элүү) сом айып пул салынат
3. Токтомдун негизинде иш алып баруу жагы жайыт комитетинин төрагасы М.Джолдошовго тапшырылсын
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Покровка айылдык кеңешинин агрардык комиссиясынын төрагасы Курманбаев Чынгызга милдеттендирилсин.
Төрага | М. Сыдыков |